Schedule

22
May
Friday
19:00
from 1 000 c̲
Buy a ticket

Description

Silk Road Sounds
YRKOR  тобу жана жапон өнөрпоздорунун  биргелешкен маданий долбоору

Уюштуруучулар:

KJCC (Kyrgyz-Japanese Chamber of Commerce)

KRJC (Kyrgyz Japan Center)

 

Долбоор тууралуу

YRKOR - кыргыз фольк-рок ансамбли, улуттук музыканы заманбап стилде жаңыртып, дүйнөлүк деңгээлде таанытып келе жаткан чыгармачыл топ.

Ансамбль 2021-жылы түзүлүп, кыска убакыт ичинде эл аралык сахнага чыгып, 2024-жылы Central Asian Music Award сыйлыгынын ээси болгон.

Чыгармачылыгында комуз, кыл кыяк, ооз комуз, сыбызгы сыяктуу улуттук аспаптарды гитара, барабан жана башка заманбап аспаптар менен айкалыштырып, өзгөчө музыкалык үн жаратып келет.

Буга чейинки иш-чаралар жана жетишкен жыйынтыктар

2025-ж. Июнь – OSAKA EXPO 2025 Кыргызстан күндөрүндө негизги музыкалык топ катары катышкан.

2026 -ж.  Февраль–Март – Токио жана Осака шаарларында жеке концерттерди ийгиликтүү өткөргөн.

YRKOR тобунун чыгармачылыгы Японияда чоң кызыгуу жаратып, иш-чаралар аншлаг менен өттү. Жалпысынан 1000ден ашуун көрүүчү катышып, кыргыз музыкасына жогорку баа берилди.

 

Японияда өткөн ийгиликтүү  концерттердин уландысы катары,
2026-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Опера жана балет театрынын чоң залында жапониялык Nippon Daiko музыканттарынын катышуусунда “Sikl Road Sounds”атту маданият кечеси өткөрүлөт.

 

Өзгөчө маданий программа — Кимоно шоу

Иш-чаранын алкагында Кыргызстанда биринчи жолу Кимоно шоу өткөрүлөт.

Япониядан келген мастерлер кимоно кийүүнүн маданиятын көрсөтүп, ар түрдүү кимонолор менен тааныштырышат.

Кимоно-шоу— кыргызстандык көрүүчүлөр үчүн жаңы, уникалдуу жана өзгөчө форматтагы маданий тажрыйба болот.

Venue

Кыргызский театр оперы и балета им А.Малдыбаева
Address: ул. Юсупа Абдрахманова, 167