Description
МАНАС ШААРЫ MANAS CUP 2025 ЭЛ АРАЛЫК ТУРНИРИН КАБЫЛ АЛАТ
12-15 жана 18-ноябрь күндөрү Манас шаарында эл аралык MANAS CUP 2025 (U-23) футболдук турнири өткөрүлөт. Мелдеште Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиясынын Олипиадалык курамалары күч сынашат.
Оюндар Манас шаарынын «Курманбек» стадионунда өтөт. Турнирдин максаты — жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзүү болуп саналат.
Ал эми күйөрмандар үчүн концерттик программа, шоу-программа жана оюн-зоок семплинг зона уюштурулат.
Кыргыз футбол биримдиги бардык күйөрмандарды оюндарды көрүүгө жана улуттук командага колдоо көрсөтүүгө чакырат.
БИРГЕ АЛГА!
