Schedule
Description
2️⃣7️⃣-сентябрь 🕰️ саат 19:00
✍️ С. Ахмад «Күйөө бала» (комедия)
С.Ахмаддын “Күйөө бала” пьесасы боюнча коюлган спектакль театрдын сахнасында көп жылдан бери коюлуп келе жатат. Анын бирден бир себеби спектаклдин маанай көтөргөн комедия жанрында болгондугу. Өзбек элинин менталитети, салт-санаасы жана эмгекчилдигин даңазалаган спектакль азыркы күндө да өз популярдуулугун жоготпой келет. Спектаклдин негизги өзөгү адам баласы канча бала-чакалуу болбосун баары бир жан шериги болбосо жалгыздыктын азабын тартаарын, “түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк” дегендей, ар үй-бүлөнүн өз түйшүгү бар экендигин баяндайт. Башкы каармандын карыган кезде келин-уул, кыз-күйөөгө айта албай, жалыгыздыктын запкы тарткан трагедиясы комедия жанры менен көрүүчүлөргө таасын чагылдырылат.
Ролдордо:
▪️ Ганибай — Т. Актанов, КРнын эл артисти
▪️ Кудрат — Н. Турсунбаев, КРнын эл артисти
▪️ Бахри — А. Имашова, КРнын эмгек сиңирген артисти
▪️ Назми — С. Мырсалиева, КРнын эл артисти
▪️ Рахима — Ж. Борисова
▪️ Эркин — Ө. Израилов
▪️ Жоробай — К. Абылов, КРнын эл артисти
▪️ Максум — Т. Жумагазиев, КРнын эмгек сиңирген артисти
▪️ Зебиниса — Г. Кучербаева, КРнын эмгек сиңирген артисти
▪️ Анзират — Ж. Сыдыкбаева, КРнын эл артисти
▪️ Жамиля — Т. Абдразаева, КРнын эл артисти
▪️ Зумрад — А. Кыйыкбаева, КРнын эмгек сиңирген артисти
▪️ Рахбар — В. Сариева, КРнын эл артисти
▪️ Кумри — Ж. Жумалиева, КРнын эл артисти
▪️ Ганибайдын жаш кези — Ж. Талантбек уулу
Режиссёр: Э. Ибрагимова
✔️ Театрдын көркөм жетекчиси — А. Имашова, КРнын эмгек сиңирген артисти
✔️ Театрдын директору — А. Өзүбеков, КРнын эл артисти
