«Кыргыз дүйнө» форуму
«Кыргыз дүйнө» форуму
Duration: Уточняется
600 - 900 c̲
Technopark / Технопарк
ул. Максима Горького, 1/2

Description

Урматтуу замандаштар!!!

26 марта 2026ж. Бишкек шаарында «Кыргыз дүйнө» форуму өтөт. Бул форум кыргызстандыктардын өз маданий иденттүүлүгүн таануу жана кыргыз элинин мурасында катылган терең жана баалуу билимдерди аң-сезимине жеткирүү максатында өткөрүлөт.

Форум өзүн таануу багытында изденген жана кыргыз дүйнөсүн жаңы көз караш менен билүүгө умтулган кыргызстандыктарды бириктирет.

Жашоону таануу жана башкаруу тажрыйбасынын бай казынасын камтыган кыргыз мурасы санариптик доордун да талаптарына жооп берери анык.  Бир караганда билинбегени менен, кыргыз элинин тилинде, уламыштарында, баяндарында, каада-салттарында, үрп-адаттарында, белги тутунууларында (символдорунда) кыргыз дүйнө таанымынын жашоо адеби жана тереӊ билимдер катылган. Азыркы замандын талабы – адамдын негизги күч-кубаты анын мурасында экенин түшүнүү!

Жасалма интеллект өкүм сүрө баштаган санариптик доордо адамдын табигый жөндөмдөрү жана касиеттери эӊ бийик баалуулук катары аныкталып баштады. Азыр акча каражаты баалуулук катары ордун жогото баштады. Адамдын жан дүйнө байлыгы, акыл-эси, сезимталдыгы жана өзүн таануусу мезгилдин талабына айланды!

Адамдын өзүн таануусу тамырдан, элдик нарктан жана улуттук аӊ-сезиминен башталат. Жылдар эмес, саат сайын өзгөрүрүл, кубулуп турган оомалуу санариптүү жашоодо өз ордуӊду жоготпой, мезгилдин чакырыктарына туруштук берүү үчүн өзүӊдү таануу, көчмөн цивилизациясынын өзгөчөлүктөрүн таануу жана ага таандыктыгыӊды билүү зарыл. 

Качан: 26 марта 2026ж

Кайда: Мета Холл Технопарк

Саат: 18.00

тел: +996 553 206 053 

Билеттерди ticket.kg сайтынан азырдан алып үлгүргүлө

Venue

Technopark / Технопарк
Address: ул. Максима Горького, 1/2