«КЕЛКЕЛ»

«КЕЛКЕЛ»

Duration: 1 саат
80 tickets left
14+
Age restriction

Schedule

20
October
Tuesday
18:30
from 500 c̲
Buy a ticket

Description

«КЕЛКЕЛ» 

КР Эл жазуучусу Т. Касымбеков
Режиссёр: Э. Эгембердиев

«Келкел» тарыхый драмасы — кыргыз элинин татаал тарыхын, улуттук ар-намыс, адамдык абийир жана салт-санаанын ыйыктыгын камтыган сахналык чыгарма. Спектакль КР Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун тарыхый романынын негизинде инсценировкаланган.

Падышалык бийликтин зомбулугу менен элдин эркиндиги жана улуттук наркынын кагылышы каармандардын тагдыры аркылуу ачылат. Асел айымдын чачынын зордук менен кыркылышы жеке адамдын кордугу эмес, бүтүндөй элдин ар-намысына жасалган сокку катары сүрөттөлөт.

Спектаклде Камчыбек менен Акбалбандын намыс үчүн күрөшү, ал эми Курманжан датканын образында эне мээрими, даанышмандык, сабырдуулук жана эл тагдырына болгон жоопкерчилик терең чагылдырылат.

«Келкел» — тарыхты эскерүү менен бирге адамдык абийирди, улуттук наркты жана эркиндиктин баасын ойлонууга чакырган чыгарма.

Venue

Театр юного зрителя