Бернарда Альбанын үйү

Бернарда Альбанын үйү
Description
Федерико Гарсия Лорка “Бернарда Альбанын үйү” (трагедия)
(18 жаштан жогорку курактагы көрүүчүлөр үчүн)
Коюучу топ:
Режиссёр-коюучу – Шамил Дыйканбаев
Сүрөтчү – коюучу – Садыр Ниязакунов, Руслан Жунусалиев
Костюм боюнча сүрөтчү – Мадина Тапаева
Балетмейстер – Бегайым Райымбекова
Балетмейстердин ассистенти – Жаңылай Исакова
Үн оператору – Кумар Жакыпов
Жарык берүүчү – Тилек Усупбеков
Режиссёрдун ассистенти – Нускайым Бекмурат кызы
Режиссёрдун жардамчысы – Алтынай Кыдыршаева
Ролдорду аткаруучулар:
1. Бернарда – Турганбүбү Бообекова, КР эл артисти
2. Мария Хосефа – Жипариса Көчөрбаева, КР эл артисти
3. Понсия – Айсалкын Осмонова, КР эмгек сиңирген артисти
4. Ангустиас – арт. Гүлнара Сатарова, арт. Махабат Асанбекова
5. Магдалена – арт. Мээрим Касаболотова
6. Амелия – арт. Нускайым Бекмурат кызы, арт. Нурзат Болотбекова
7. Мартирио – арт. Жаңылай Исакова, арт. Жанара Барманова
8. Адела – арт. Жанара Борисова, арт. Анара Таалайбек кызы
Жигиттер:
Аскар Качкынбаев
Өмүрбек Израилов
Сооронбек Тургунмамат уулу
Саламат Калыбек уулу
Жыргал Талантбек уулу
Мырза Жумагасы уулу
Амангельди Шерикул уулу
Спектаклде патриархалдык коомдогу байыртадан келе жаткан “8 жыл бою аза күтүү” салтын катуу сактаган жана гендердик теңсиздик көз карашта тарбияланып, аны бекем карманган жесир аял Бернарда Альба тууралуу баяндалат. Бернарда 5 кыз жана акылынан айныган энесин баккан, теги ак сөөк, эрки күчтүү аял. Ал кыздарынын да салтты бекем кармоо менен анын эркинен чыкпоолорун күч менен талап кылат.
Адамдардын, өзгөчө коомдун патриархалдык көз карашы гендердик теңсиздикке алып келип, натыйжада аялдардын инсандык укугунун тебеленүүсүнө, басмырлануусуна, өз каалоолорун, максаттарын кулпулап, тыюларга баш ийип жашоого аргасыз болуусу спектаклде баяндалат.
Кирүү билетинин баасы (стоимость входного билета): 500 сом
Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры
Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Абдумомунов к. 230
Телефон аркылуу маалымат алуу (справки по тел): + 996 (312) 660 590, + 996 (707) 641 719
E-mail: ulut.teatr@bk.ru
Көрсөтүү башталгандан кийин залга кирүүгө тыюу салынат. Башка көрүүчүлөргө жана актерлорго кедергиле болбошу үчүн, көрсөтүү башталгандан кийин залга кирүү чектелиши мүмкүн. Эгерде кечигип келсе, көрүүчүгө тыныгуунун же кийинки акттын башталышына чейин күтүү сунушталат.
Запрещен вход в зал после начала спектакля. Для предотвращения помех другим зрителям и актерам вход в зрительный зал после начала представления может быть ограничен. В случае опоздания зрителю предложат подождать до перерыва или следующего акта.
Залга кирүү кызматкерлердин уруксаты менен гана болот. Эгерде иш-чара башталгандан кийин залга кирүүгө мүмкүнчүлүк болсо, ал тек гана атайын белгиленген кирүү жолдору аркылуу жана театр кызматкерлеринин уруксаты менен жүргүзүлөт.
Вход в зону зрительного зала только по разрешению персонала. Если вход в зал после начала мероприятия возможен, он осуществляется только через специально отведенные входы и с разрешения сотрудников театра.
Venue
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова
Address: ул. Абдумомунова, 230