Мазмунга өтүү
Ак-Мөөр

Ак-Мөөр

Узактыгы: 2 часа (с одним антрактом)
797 билет калды
7+
Жаш курак чектөө

Жадыбал

24
октябрь
Ишемби
17:00

Сүрөттөө

24 октябрь 17.00

Кыргыз улуттук академиялык А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театры тартуулайт…

Ж. Каниметов. «Ак-Мөөр». Эки бөлүмдөн турган опера-дастан.

Акбар Рыскулов жазган опера-дастандын либреттосу эл арасында кеңири белгилүү болгон уламыштардын биринин негизинде жаралган. «Ак-Мөөр» сулуу Ак-Мөөр менен жөнөкөй жигит Болоттун кайгылуу сүйүү баянын баяндайт. Айлакер жана каардуу бай Жантай хандын арам ойлору менен кутумдары эки ашыктын өлүмүнө алып келет.

Чыгарма КРнын эмгек сиңирген артисти, режиссёр-коюучу Искендер Сартбаев тарабынан коюлуп, сценографиясын КРнын эл сүрөтчүсү, сүрөтчү-коюучу Маратбек Шарафидинов иштеп чыккан. Балетмейстер – Тилек Кийизбаев, хормейстер – КРнын эмгек сиңирген артисти Карагул Тиленчиев.

Дирижёрдук пультта – чыгарманын автору, КРнын эл артисти Жумакадыр Каниметов.

Өтчү жери

Кыргызский театр оперы и балета им А.Малдыбаева
Дареги: ул. Юсупа Абдрахманова, 167