Тумар ханыша (Томирис)

Описание

Б.Чотурова

“ТУМАР ХАНЫША” (Томирис)(драма)

     Дүйнөлүк тарыхтын бир тамыры болгон байыркы көчмөн элдердин сак уруусунан чыккан баатыр кызы Тумар ханыша (Томирис) болгон. Грек тарыхчыларынын жазып калтырган эмгектердин негизинде Тумар ханышанын теңдешсиз баатырдыгы тууралуу ар кандай жанрда көркөм чыгармалар жаралды.

     Тумар Перс  падышасы  Дарийге теңтайлашып, дүйнөнүн жарымын  басып алган Персиянын падышасы Кирди  жеңген аялдан чыккан баатыр падыша болгон. Сактарды басып кирген Кир падышанын 200 миң  аскерин Тумар ханыша 80 миң кол менен талкалап,  Кирдин башын алгандыгы таңкалыштуу тарыхый окуя катары кылымдардан кылымдарга даңаза болуп жашап келет. Драмада баатырдык, эрдик менен бирге эле, адамзаттын жаралуусундагы табигый жеке турмуштук асыл сезим баяндалып, Тумар ханышанын махабат баянына трагедиясы өрүлүшүп, көркөм чагылдырылган. Тарыхый маалыматтарга таянганда окуя мындан 3000 жыл мурдагы доордо болгону болжолдонот.

Койгон режиссер-Марат Козукеев, КР эмгек сиңирген артисти.

Сүрөтчү-коюучу- Б.Тилекматов.
Музыкалаштырган-К. Асанбаев.
Реж.ассистенти -Д.Жанжигитов.
Реж.жардамчысы -Э.Жумалиева.
Гримдөөчү- Г.Суранчиева.
Үн берүүчү -А.Осмонкулов.

Катышуучулар жана ролдорду аткаруучулар:

Тумар (Томирис), (улгайган кези)-Т.Абдразаева, В.Сариева
Тумар(Томирис), (жаш кези)-А.Кыйыкбаева, Р.Орозова
Спаргапис-А.Болорбек уулу
Рустам-Э.Осмонов, Ж.Касеинов
Кир-А.Өмүрбеков, Т.Сманбеков
Бахтияр-Ж.Сманов, А.Мурадилаев
Зал акын-Т.Актанов, Д.Жанжигитов
Амага-А.Имашова
Фарнак-Д.Жанжигитов, Д.Байкожоев.
Фархад-Ж.Касейинов
Кабус-К.Акматов
Хусрау-А.Кыдырмышев
Шапур-Ш.Кыдырмаев, Д.Кангелдиев
Балу-М.Талипбекова
Гарпаг-Э.Эгембердиев
Крёз-Т.Жумагазиев
Мард-Д.Байкожоев
Гобрий-А.Качкынбаев
Фаридун-Б.Шаршенбаев
Фаррух-К.Атакан уулу
Фанет-Ө.Израил уулу
Фардак-А.Осмоналиев
Гистасп-А.Карагулов
1-көзү ачык-Ч.Думанаев
2-көзү ачык-К.Сарыбаев
1-бакшы-Г.Көчөрбаева
2-бакшы-Т.Бообекова

Кыргызстан, Бишкек г., Абдымомунова улица, 222
+996 (312) 66–57–17 касса +996 (312) 66–05–90 для коллективных заявок