Тагдыр

Тагдыр

Тагдыр

Продолжительность: 1 час 50 минут
Цена не установлена
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова

Описание

Р.Отарбаев

 «Тагдыр»

(социалдык драма)

Режиссёру – КР Эмгек сиңирген артисти, Эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты Эгемберди Бекболиев

Сүрөтчүсү – Эл аралык Ч.Айтматов, А.Арефьев атындагы сыйлыктардын лауреаты Садыр Ниязакунов

Музыкалаштырган – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Кенжегазы Асанбаев

Режиссёрдун асисстенти – Роза Суранова

Театрдын көркөм жетекчиси – КР Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев

Театрдын директору- КР жаштар сыйлыгын ээси – Назым Мендебаиров

 

Аткаруучулар жана катышуучулар:

Жалкытай- Жеңиш Сманов

Атасы – КР Эл артисти Чоро Думанаев

Апасы  - Д.Күйүкова атындагы сыйлыктын лауреаты Айсалкын Осмонова

Токжан – Мадина Талипбек

Салима – Альбина Имашова

Наркоман чал – КР Эмгек сиңирген артисти Шайымбек Кыдырмаев

Милиционер – Данияр Жанжигитиов

Жанна – Махабат Асанбекова

Макс – Арген Карагулов

Гуля – Жаңылай Исакова

Бозөпкө – Нурлан Салидинов

Бакыт – Азирет Бакытбеков

Тагдыр...Бактылуу үй-бүлө...Бири-бирине ашык болгон эки жаш... Талкаланган тагдырлар...Буга эмне себеп? Баңги зат! Баңги зат! “Куткаруучу” адегенде баңгизатты бекер берип өзүнө тартып алган соң, акырындан “доза” үчүн төлөөгө мажбурлайт. Баңгизатка берилген Жалкытай “дозанын” акчасынан кутулуп, дагы жаңысын алыш үчүн бардык нерсеге барганга даяр. Үй-буюмдарын уурдап сатканы аз келгенсип, атасы жолтоо болбогондо апасын өлтүрүүгө да бармак акча үчүн.

            Ошондон баштап ата-энесинин, сүйгөн кызынын түйшүгү башталат. Ата-энеси машинасын, андан соң үйүн сатууга мажбур болушат. Сүйгөн кызы көптөгөн аракетти жазаса да “тузактан” чыгара албайт. Акыры ата-энеси күйүттөн бул жашоо менен кош айтышат.  

 Ошентип жалкытай кесилип кетип кайра келгенде же ата-энеден жок, же сүйгөн кыздан жок же достордон жок, ээн көрүстөндө өзүнүн күмбөзүнө өзү өкүрүп жалгыз калат.

Кыргызстан, Бишкек г., Абдымомунова улица, 222
+996 (312) 66–57–17 касса +996 (312) 66–05–90 для коллективных заявок