СУНУШ

СУНУШ

СУНУШ

Продолжительность: 1 час
Цена не установлена
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова

Описание

А.ЧЕХОВ “СУНУШ” комедиясы жана чоң прогрраммадагы концерт 26.04 саат 19:00

Атактуу орус жазуучусу Антон Чеховдун пьесасынын негизинде коюлган “Сунуш” спектакли үй-бүлө куруунун  күңгөй-тескейин чагылдыруу менен көрүүчүлөргө күлкү чакырып, оң эмоцияга бөлөйт. 

35 жашта күч-кубатка толуп турган Ломов мырза коңшусу болгон ири жер ээси Чубуковго келип, анын 25 жаштагы кызы Наташанын колун  сурайт. Бул сунушту кыздын атасы да, кыздын өзү да жан дили менен кабыл алат. Бирок, кыз-күйөөнүн маегинде сүйүүнүн таттуу сөздөрү айтылбастан, сепке берилүүчү жер, же кимисинин тайганы жакшы сыяктуу талаш-тартыш менен коштолот.     
Спектаклде пенделик майда кызыкчылыктар менен жашагандардын мамилелери аянычтуу да, күлкүлүү да берилет.  
 
Койгон режиссер – Ниязбек Абдиразаков 
Сүрөтчүсү – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Самидин Жоробаев.
Жарык берген - Тилек Адылов
Музыкалаштырган – Ниязбек  Абдиразаков

РОЛДОРДО:
Степан Степанович- Бакытбек Мойдунов
Ломов - Жамалидин Жолдошов
Наталя Степановна - Айганыш Марипбай кызы
Малай - Азимбек Жуманов

Өтүлүүчү орду: Кыргызстан. Бишкек ш. Абдымомунов к. 222. 
Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры.
0777-44-50-60