Саламатсызбы!

Саламатсызбы!

Саламатсызбы!

12 апреля
Суббота 11:00
13 апреля
Воскресенье 12:30
Продолжительность: 45 мүнөт / 45 минут
Стоимость: 200 сом
Кыргызский государственный театр кукол им. М.Жангазиева

Описание

«Саламатсызбы!»

Адабиятка арналган интерактивдүү спектакль биздин куурчак театры тарабынан, Римма Алдонина жана Михаил Бартеневдин укмуштуудай пьесасынын негизинде сахналаштырылып, жөнөкөй, ошол эле учурда кооз жана маанилүү аталышта – «Саламатсызбы» деп аталат.

Биз, чоңдор жана балдар, адамга салам берүүнүн, ыраазычылык билдирүүнүн же анын көйгөйүнө көңүл буруунун жөн гана формалдуу сөз эмес, адептүүлүк жана сылыктык сыяктуу адамдык сапаттардын натыйжасы экенин ар дайым ойлонобузбу?

Сылыктык – бул жөн гана «кечиресиз», «өткүнүз», «рахмат» деген сөздөрдү айтуудан көп нерсени билдирет. Бул сөздөр маанилүү болгону менен, чыныгы сылыктык – адамдын жүрүм-туруму жана иш-аракеттери аркылуу көрүнөт.

«Эч нерсе бизге мынчалык арзан түшүп, ошол эле учурда ушунчалык кымбат бааланбайт, сыяктуу сылыктык» – деп айткан улуу ойчул Мигель де Сервантес.

Ал эми элдик даанышмандыкта: «Сылыктык эч нерсеге турбайт, бирок көптөгөн жакшылыктарды алып келет» деп айтылат.

Кирүү билетинин баасы (стоимость входного билета): 200 сом

Төлөм 3 жылдан баштап. 3 жашка чейин коштоп жүргөн адам сатып алат.
Оплата с 3-х лет. До 3х лет покупает сопровождающий человек.

Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театры
Кыргызский государственный театр кукол им. М.Жангазиева
Кыргызстан, г. Бишкек 720040, ул. Абдрахманова 230 A

Телефон аркылуу маалымат алуу (справки по тел): + 996 (312) 67 06 41, + 996 (312) 67 06 17
E-mail: teatrkukol1939@mail.ru

Место проведения

Кыргызский государственный театр кукол им. М.Жангазиева

Адрес: ул. Юсупа Абдрахманова, 230а