С. Бабажанов: Жумшак карандаштын изи / След мягкого карандаша
С. Бабажанов: Жумшак карандаштын изи / След мягкого карандаша
Описание
10-декабрда «Галерея М» сүрөттөр галереясында Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер Сабижан Бабажановдун «Жумшак калемдин изи» аттуу жеке сүрөт жана графика көргөзмөсү ачылат.
“Философиялык аң-сезимдүү сүрөтчү Бабажанов ар бир чыгармасына чеберчиликти гана эмес, нерселердин маңызына да ой жүгүртөт. Анын чыгармалары ар дайым көп баскычтуу: сыртынан караганда көрүүчүнү аткаруунун техникасы жана көркүнө кызыктырат, бирок кылдат изилдөөдө алар убакыт, дүйнө жана адамдын өзү жөнүндө терең ойлорду ачып берет”, – деп жазат журналист, редактор жана публицист Гүлшат Юлдашева Сабижан Камалович жөнүндө.
“Сүрөт – бул из. Менин чиймелерим жумшак карандашымдын калтырган издери”, – деп агайдын сөзүн келтирет.
Маалымат
Бабажанов Сабижан Камалович – сүрөтчү, живописчи, график. 1941-жылы 23-февралда Кытайдын Күлжа шаарында туулган. 1963-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын, 1975-жылы Москвадагы дизайнердик курстарды бүтүргөн. 1964-жылдан Кыргыз ССРинин көркөм фондунун сүрөтчү-дизайнери болуп иштеген. 1986-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, азыр Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1998-жылдан бери Эл аралык АКШдагы Калифорния илимдер, өнөр жай, билим берүү жана искусство академиясынын академиги. Республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Ар кандай техникада жана жанрларда иштейт. Чыгармалар Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, ошондой эле КМШ жана чет мамлекеттердин музейлеринде жана жеке коллекцияларында сакталып турат.
Кошумча маалымат алуу үчүн көргөзмөнүн уюштуруучулары: Мээрим Акматкулова, Назик Момун менен байланышыңыз. Байланыш телефону: +996 550 551293, e-mail: gallery.m1991@gmail.com
Персональная выставка рисунка и графики Заслуженного деятеля культуры КР Сабиджана Бабаджанова «След мягкого карандаша» откроется 10 декабря в «Галерея М».
«Художник с философским складом ума Бабаджанов вкладывает в каждую свою работу не только мастерство, но и размышления о сути вещей. Его произведения всегда многоуровневые: на поверхности зрителя завораживает техника и изящество исполнения, но при внимательном изучении они открывают глубокие идеи о времени, мире и самом человеке», – пишет о Сабиджане Камаловиче журналист, редактор и публицист Гульшат Юлдашева.
«Рисунок – это след. Мои рисунки – это следы, которые оставляет мой мягкий карандаш», – цитирует она слова мастера.
Справка.
Бабаджанов Сабиджан Камалович – художник-живописец, график. Родился 23 февраля 1941 года в городе Кульджа КНР. В 1963 году окончил Фрунзенское художественное училище, в 1975 году – курсы дизайнеров (Москва). С 1964 года работал художником-проектировщиком, дизайнером Художественного фонда Киргизской ССР. С 1986 года – член Союза художников СССР, сейчас состоит в Союзе художников КР. С 1998 года является академиком Международной Калифорнийской академии наук, индустрии, образования и искусства (США). Участник республиканских и международных выставок. Работает в самых разнообразных техниках и жанрах. Произведения находятся в Кыргызском национальном музее изобразительных искусств им Г. Айтиева, а также в музеях и частных коллекциях СНГ и дальнего зарубежья.
За дополнительной информацией обращаться к организаторам выставки: Мээрим Акматкулова, Назик Момун. кон.тел.: +996 550 551293, e-mail: gallery.m1991@gmail.com