КУБАТ БИЙ

КУБАТ БИЙ

КУБАТ БИЙ

Продолжительность: Уточняется
Цена не установлена
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова

Описание

С.ЖЕТИМИШОВ “КУБАТ БИЙ” тарыхый драма 26-апрелде саат 14:00. 

Кыргыз Эл жазуучусу С.Жетимишовдун  "Кубат бий" драмасында XYIII кылымда жашап өткөн тарыхый инсан, кыргыз элинин жунгар баскынчылары менен күрөшүн жетектеп, эл-жерди коргоодо баатырдык атак алып, хан даражасына чейин көтөрүлгөң Кубат бий жөнүндө баяндалат.

Кубат бий  теги жагынан жалпы кыргыздын беги жана баатыры болгон. Ошондой эле  ал Фергана менен Кашкар өрөөндөрүндө кыргыз элинин биримдигин чыңдаган залкар мамлекеттик ишмер катары тарыхта калган.
Спектаклде Кокон бийлиги Кубат бий башында турган кыргыздар менен союз түзүп, алардын биргелешкен күчү жунгар баскынчыларын Ферганадан кууп чыккан. Кокон хандыгына Эрдене бий келгенде да Кубат бий башчылык кылган кыргыз аскеринин колдоосуна таянат.

Бирок Кубат хан Ошту коргоп калуу үчүн кокондук Эрдене бий менен тирешүү баштап, бирок көп өтпөй колго түшүп, өлтүрүлгөн.

Драманын автору –  Кыргыз Эл жазуучусу Суранчы Жетимишов.
Койгон режиссеру –  Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыев;
Сүрөтчүсү – КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Тилекматов.
Музыкалаштырган – Соорон Акылбек уулу
Жарык берүүчү – Максат Абдрай уулу

Аткаруучулар жана катышуучулар:.
Кубат бий – артист Самат Капаров
Ажи бий  – КР эмгек сиңирген ишмер Солтобай Кулбаев
Бурхамидин кожо – Бакыт Мойдунов
Жакан кожо – Атабек Курмушуев.

Өтүлүүчү орду: Кыргызстан. Бишкек ш.  Абдымомунов к. 222. 
Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театры.
0777-44-50-60