Керээз (Боромбай бий)

Керээз (Боромбай бий)

Керээз (Боромбай бий)

24 апреля
Среда 18:30
Продолжительность: 1 час 30 минут
Стоимость: 300 сом
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова

Описание

Урматтуу театр сүйүүчүлөрү!

Режиссёр Марат Козукеев сахналаштырган "КЕРЭЭЗ" (Боромбай бий) спектаклинин премьерасы болот. Бардыгыңыздарды чакырабыз!

Автору: Кайрат Иманалиев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Т.Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты

Боронбай бий жана анын доору Драматург Кайрат Иманалиевдин “Керээз” тарыхий драмасы 18-кылымдагы Кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхий инсаны Боронбай Бекмурат уулунун ой дүйнөсүн чагылдырат. Ошол кылымдагы туңгуюкка кептелген кыргыз элинин тарыхы жана андан чыгуунун жолдору Боронбай бийдин дүйнө таанымы, тунук ой сезими жана акыл парасаты аркылуу сүрөттөлөт. Окуянын баардыгы Боронбайдын ой чабыты аркылуу жүрүп олтурат. Кокон хандыгы, Цинь империясы, Россия падышачылыгынын карама каршы саясатынын мезгилиндеги кыргыз элинин башына келген заман өткөөлүндөгү оош кыйыштар Боронбай бийдин көз алдынан өтөт. Айтылуу акын Арстанбекти Анжыяндан Ысык-Көлгө алып кеткени, Кыргыздардын курултайы, Ормондун хан шайланышы, Уруу уруулардын пикир келишпестиктери, сырткы күчтөрдүн чабыштыруу саясаты, ар кимдин өз чындыгы бар бирок бири бирине туура келбеген көз караштар, арман-өлүм коштогон өксүктөр, туңгуюктан жол табуу аракеттери, Россиянын курамына кошулуу саясаты, алгачкы орус экспедициясынын, саякатчы Семенов-Тянь Шаньскийдин, окумуштуу Чохан Валихановдун көлгө келиши окуялардын негизин түзөт. Акылы менен алдыга кадам таштаган, ой калчап сөз барктаган, Акелерди таптаган Боронбай бий оңой тагдыр кечирген эмес. Чырмалышкан татаал тагдыр таразасында акыл менен, сабырдуулук менен кадырын сактап калган. Анын акыл парасаты кыргызга гана эмес коңшу элдерге, Кытай, Орус мамлекеттерине белгилүү болгон. Жанында акылдашаар Сарт Аке менен менен Тилекмат Аке баштаган акылмандар, Калыгул олуя коштогон көсөмдөр болгон. Энеси Данакан байбиченин акылы, Мүйүздүү Бугу энеден калган осуяттар Боронбайдын кан жанынан өтүп эл жерге кызмат кылуудан, элди аман сактап калуудан ыйык нерсе жок экендигин далилдейт. Уюткулуу кыргыз элин ынтымака, биримдикке чакырган керээзин калтырат. Ал керээз - Боронбайдын жана анын замандаштары Калыгул Акенин жана Ысык-Көлдүн Жети Акесинин керээзи. Ал керээз - Ормон хандын, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Медет Датка, Ажыбек Датка, Жантай хан, Жангарач баатыр баштаган кыргыздын журт жакшыларынын керээзи. Ал керээз - бүгүнкүгө сабак.

Катышуучулар жана аткаруучулар:
1. Боронбай бий- Эржан Осмонов
2. Ормон хан - Жеңишбек Сманов, Атай Өмүрбеков
3. Данакан –Калича Сейдалиева, КР эмгек сиңирген артисти, Жыргал Көбөгөнова, КР эмгек сиңирген артисти 
4. Алмакан –Шайгүл Алсеитова, КР эмгек сиңирген артисти, Айсалкын Осмонова
5. Арстанбек - Өмүрбек Израил уулу
6. Алымбек датка- Азиз Мурадиллаев
7. Курманжан - Тынара Абдразаева, КР эл артисти, 
- Жамиля Сыдыкбаева, КР эл артисти
8. Калыгул олуя - Калык Акматов, Эл аралык М.Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты 
9. Жантай хан - Шайымбек Кыдырмаев, КР эмгек сиңирген артисти
10. Жангарач баатыр - Аскат Сулайманов
11. Ажыбек датка - Чоро Думанаев, КР эл артисти
12. Медет Датка - Тилек Жумагазиев
13. Алыбек баатыр - Канболот Атакан уулу
14. Мүйүздүү эне - Гүлайым Каниметова КР эл артисти, Анара Назаркулова, КР эмгек сиңирген артисти
15. Карга Аке - Эгемберди Бекболиев, КР эл артисти
16. Мойт Аке - Нурлан Салидинов
17. Сарт Аке - Табылды Актанов, КР эл артисти
18. Тилекмат Аке - Нурлан Салидинов
19. Балбай баатыр - Камчы Сарыбаев
20. Суусар - Вера Сариева, КР эмгек сиңирген артисти, Бүкалича Жоробаева
21. Уулбала - Шайыр Касымалиева, КР эмгек сиңирген артисти, Нуржан Ниязова
22. Качыбек Шералин – Данияр Байгожоев 
23. Файзулла Ногаев – Адыл Болорбек уулу
24. Цзянь-цзюнь – Арген Карагулов
25. Чохан Валиханов- Бактыяр Шаршенбаев
26. Петр Горчаков, Хоментовский – Аскар Качкынбаев
27. Семенов Тянь-Шанский – Арген Карагулов
28. Боронбайдын жигити – Жылдызбек Касеинов
29. Ормондун жигити – Соорон Тургунмамат уулу
30. Итий- Данияр Жанжигитов

Кыргызстан, Бишкек г., Абдымомунова улица, 222
+996 (312) 66–57–17 касса +996 (312) 66–05–90 для коллективных заявок