Эзоп

Эзоп

Эзоп

Продолжительность: 1 час 50 минут
Цена не установлена
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова

Описание

Г.ФИГЕЙРЕДО: “ЭЗОП” трагикомедиясы 24-апрелде саат 19:00дө коюлат

Бразилиялык атактуу драматург Г.Фигейредонун “Эзоп” трагикомедиясында акылга бай, таалими күчтүү тамсилдери жана даанышман ойлору менен адамзаттын руханий казынасын толуктаган  байыркы грек ойчулу жана тамсилчи Эзоп кул жөнүндө баяндалат. 

Дооруна жараша өмүрү кулчулукта өткөн Эзоп керт башынын эркиндигине умтулуп жашаган. Кожоюну Ксанф анын чыгармачылык өзгөчө талантын жана тамсилдерин баалайт. Бирок кулунун терең философиялуу сөздөрүн өзүнө ыйгарып алуу менен өз атагын чыгаргысы келет. Ал эми азаттыкты көксөгөн Эзопту  “эркин жашоо үчүн өсүп-жетиле элексиң” деп басмырлайт.  
Ксанфтын жаш жана сулуу аялы Клея да Эзоптун курч акылына жана даанышман ойлоруна куштарланып, турмушуна Эзоптой адам жетишпей келгенин түшүнөт. Бирок улуу тамсилчинын жашоо маңызы – бул керт башынын азаттыгы эле. Ал: “Ар бир адам эркиндикке татыктуу”, - деп эсептейт. Өзүн кулчулуктан өлүм гана куткарышына көзү жетет.
Койгон режиссёру — Кыргыз Эл артисти Талантбек Апыев
Сүрөтчүсү – Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Тилекматов 
Музыкалаштырган —  Ильяс Алдосов
Жарык берүүчү  –  Тилек Адылов
Аткаруучулар жана катышуучулар:
Эзоп – Арген Тойчиев
Ксанф – КРнын эмгек сиңирген артисти Солтобай Кулбаев
Клея   –  Надира Сарыкова
Мелита – Акылай Кадырбекова
Агностос  – Самат Капаров

Кыргызстан. Бишкек ш.  Абдымомунов к. 222. тел: +996 (777) 44 50 60