Описание
Ассаламу алейкум!
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жүрөктөргө жылуулук, жан дүйнөгө жарык тартуулаган, жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан “Адеп башаты” диний уюму тарабынан уюштурулган өзгөчө ыйман кечеге чакырабыз!
Бул руханий кечеде заманыбыздын улуу аалымдарынын насааттары жана Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллаху алейхи ва саллам) үлгүлүү өмүрү сахналык көрүнүштөр аркылуу чагылдырылып, “ПАЙГАМБАР ﷺ КҮТКӨН ҮММӨТ” аттуу «Ыйман кечеси» болот.
Иш-чара 14–15-мартта
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт.
Ишчаранын башкы демөөрчүсү “ZIYARAT.KG” туристик фирмасы.
Программа:
• 11:00 — китеп жарманкеси
• 12:00 — ыйман кечесинин башталышы
Билеттин баасы 900-1100 сомго чейин!
Билеттер ticket.kg сайтында сатылууда!
