Асель жана келиндер козголоңу
Асель жана келиндер козголоңу
Продолжительность: 2 саат 15 мүнөт / 2 часа 15 мин
7+
Возрастное ограничение

Описание

Асель Турдалиеванын жеке концерти

Бул кеч Кыргызстандын эң жарык жылдыздарынын бири – Асель Турдалиеванын чыгармачылык жолуна арналган унутулгус музыкалык саякат болот!

Биринчи бөлүк – Асель Турдалиеванын алтын хиттери вокалдык-инструменталдык ансамблдин коштоосунда. Жандуу үн, чын жүрөктөн аткарылган ырлар жана бийчилер менен актёрлор катышкан сахналык шоу. Ошондой эле сахнада көпчүлүктүн сүйүктүү дуэттери жаңырмакчы: Сыймык Бейшекеев, Сьездбек Искеналиев, Алтынбек Кыдыралиев, Жийдеш, Алихан, Бегайым Өмүр.

Экинчи бөлүк –театралдык-мюзкл«Келиндер козголоңу”»жылдар бою көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп келет!Бул жолу ал жаңыланган, заманбап форматта сунушталат. Кыргыз сахнасынын жылдыздары катышат: Сакиш (Айнура Тургунбаева), Салима Балтаева, Ширин Сарыгулова, Нуриса Абазова, Махабат Апешева.

Концерттин режиссёру – Эркин Эгембердиев.

Бул кеч жандуу музыка, таасирдүү ырлар жана унутулгус шоу менен толукталган укмуштуудай эмоцияларды тартуулайт! Грандиоздук концерттин бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Дата: 9-апрель Саат: 18:30
Жайгашкан жери: Филармония
Билеттер: Ticket.kg жана Филармониянын кассасында

Билеттерди алдын ала брондоп, Асель Турдалиева менен музыка жана театр дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө шашылыңыз!