Шанель айым

Шанель айым

Шанель айым

Продолжительность:
Цена не установлена
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова

Описание

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 26-27-октябрда кечки саат 18-00дө Н.Коляданын «Шанель айым» спектакли коюлат.

  • Режиссёр-коючу КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери З.Аклаева
  • Сүрөтчүсү КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери А.Конушбаев
  • Музыкалаштырган — КРнын Маданиятына  эмгек сиңирген ишмери К.Асанбаев
  • Режиссёрдун ассистенти –Ж.Жумалиева
  • Режиссёрдун жардамчысы – Д.Орозбекова
  •  
  • Театрдын көркөм жетекчиси – КР Эмгек сиңирген артисти – Марат Козукеев
  •  
  • Театрдын директору –  КР жаштар сыйлыгын ээси
  • Назым Мендебаиров
  •  
  • Ролдорду аткаруучулар:
  • Калима Пазыловна – Ж.Жумалиева, КРнын Эл артисти 
  • Тамара Исраиловна- Ж.Сыдыкбаева, КРнын Эл артисти
  • Сайрагуль Абазовна – Ш.Алсеитова, КРнын Эмгек сиңирген артисти
  • Ираида Сегизбаевна – С.Мырсалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти  
  • Назима Асековна – А.Осмонова
  • Асылбек Акылбекович – Н.Салидинов
  • Роза Каңырышовна – А.Имашова

Орус драматургиясынын көрүнүктүү драматургу Н.Коляданын “Шанель айым” аттуу трагикомедиясы  жалгыз бой, майып кемпирлердин “Ак бата” аттуу хор ансамблине чогулушу менен башталат. Алар бул ансамблде ырдап,  талантын элге тартуулашат. Ошол аркылуу өздөрүнүн жан дүйнөсүнө ырахат алышат. Тилекке каршы алардын катары улам суюлуп турат. Себеби кемпирлер оорулуу болгондуктан улам бири дүйнө сала берет. Ошондуктан топтун жетекчиси ансамблге толуктоо иретинде алардан алда канча жашыраак Роза Каңырышевна (Шанель айым) аттуу айымды алып келет.

Бирок ансамблдеги айымдар бир эсе анын сулуу, таланттуу экенине ичи күйсө, экинчи жагынан “жаш курагы дал келбейт, карый элек” деп топко кошкулары келбей аны кетирүүнүн түрдүү шылтоолорун издей баштайт.

Ансамблдин жетекчиси кемпирлерден алда канча жаш, келбеттүү мырза болот. Аны топтогу айымдардын баары жакшы көрүшөт. Алардын сүймөнчүгү болуп жүргөн жетекчиси Шанель айымды топко кошкусу келбеген айымдарга: “Эгерде топко Шанель айымды кошпосоңор мен аны менен кошо кетем. Ансамблди жабам” деген талабын коёт.