Манастын уулу Семетей

Манастын уулу Семетей

Манастын уулу Семетей

Продолжительность: Уточняется
Цена не установлена
Кыргызский драм. театр им. Т. Абдумомунова

Описание

Ж.Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектакли коюлат

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Жалил САДЫКОВдун калемине таандык «Манастын уулу Семетей» спектакли саат 18-00дө коюлмакчы.

Режиссеру – Ж.Абдыкадыров, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Б.Ибраев, КРнын эл артисти
Сүрөтчү коюучу – М.Исаков
Костюм сүрөтчүсү – М.Сыдыкбаев, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Музыкалаштырган – К.Молдобасанов, СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси
Элдик эпосубуздун негизинде жазылып-коюлган бул пьеса  бардык муундагы адамдарга, айрыкча жаштарга хрестоматиялык негизде көрүүгө зарыл чыгарма. Окуя — Семетейдин төрөлүшү менен башталып, андан кийин, анын бөтөн жерде эр жетип, кайрадан ата туурун издеп келгени, элин-элдеп, жерин жердегени менен аяктайт. Ата ордун баскан эр-азамат, элин-жерин коргоп, көптөгөн эрдиктерге  баш  койгон  даңазалуу  баатырлардан  болот.

Ролдордо: Семетей – Э.Осмонов, Атакан уулу Канболот, Бакай – Ч.Думанаев, Т.Сманбеков, Чыйырды – Ж.Жумалиева, А.Сыдыгалиева, Каныкей – Т.Абдразаева, А.Имашева, Р.Орозова, Жакып – Т.Актанов, Сарытаз – К.Сарыбаев, Абыке – А.Качкынбаев, Көбөш – Ж.Сманов, Ж.Касейинов, Ысмайыл – А.Мурадилаев, Тазбаймат – К.Абылов, Э.Эгембердиев, Кишимжан – Ж.Барманова, М.Асанбекова, Желдеңбай – М.Алышпаев, Б.Одуракаев, Эшен – Ш.Кыдырмаев, Д.Байгожоев, Эшик ага – Болорбек уулу Адыл, А.Осмоналиев.

Кыргызстан, Бишкек ш., Абдымомунов к., 222
+996 (312) 66–57–17 касса +996 (312) 66–05–90 для коллективных заявок